Бишкек шаарынын Аккула ат майданында «Нооруз-2023» элдик майрамына арналган ат оюндарынын алкагында көк бөрү боюнча мелдешинин жеңүүчүсү деп «Ынтымак» командасы аталды.
Жогорку лиганын финалында аталган команда “Сары-Өзөн” менен беттешип 5:0 эсебинде утуп алды.
Натыйжада байге ээлери төмөнкүдөй сыйланды:
Биринчи орун — “Ынтымак” командасы, 1 миллион сом;
Экинчи орун — “Сары-Өзөн” командасы, 500 миң сом;
Үчүнчү орун — “Достук” командасы, 250 миң сом.