Ички иштер министрлиги Нооруз майрамында күчөтүлгөн тартипте иштейт. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Министр Улан Ниязбеков өлкөнүн эч бир жеринде массалык башаламандык, кагылышуу, тартип бузууга жол берилбеши керектигин эскертти. Ошондой эле майрамды жапырт белгилөө учурунда жаш балдардын жоголуп кетүүсүнөн сак болууга чакырды.
Төрт күнгө созулуучу дем алышта жана Нооруз майрамы учурунда атайын, күчөтүлгөн иш тартибинин планы түзүлдү. Анын ичинде коомдук тартипти сактоо, жол-транспорт кырсыктарына жол бербөө сыяктуу иш-чаралар бар.
Эл аралык Олимпиада комитети “Достук оюндарына” катышпоого чакырды
Шар Мар 20 , 2024