Ноокат шайлоо округунан депутат болууга беш талапкер катталды

Автор

Ноокат шайлоо округда 30-июнда Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүлөт. Буга чейин Ноокат округунан Жусупбек Коргонбай уулу 25-апрелде мандатын тапшырууга арыз жазган. Борбордук шайлоо комиссиясы бул округда мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу үчүн талапкерлерди каттоону жүргүзүүдө.
15-майга карата №5 Ноокат шайлоо округу боюнча беш адам талапкерлигин көрсөттү.
-Бакытбек Марипов 36 жашта, убактылуу иштебейт. Кыргызстандын Сауд Арабиядагы элчиси Улукбек Мариповдун бир тууган иниси. Ал Ноокат районунун акими болуп да иштеген. Буга чейин аталган район боюнча депутаттыкка ат салышып, утулуп калган.
-Айболот Айдосов 1986-жылы туулган. КРСУнун «политология» адистигин аяктап, Кытайдагы Чжян университетинде кытай таануу боюнча магистр даражасын алган. Борбордук шайлоо комиссиясында, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде басма сөз кызматынын башчысы болуп иштеген.
-Байжигит Мурзакматов туулган 1985-жылы 1-февралда туулган. Ал убактылуу иштебей турганы БШКнын сайтында көрсөтүлгөн.
-Артыкбай Абдывалиев, ишкер. 2021-жылы Ноокат райондук шайлоо округунан шайлоого катышып, аз добуш алып калган.
-Элдар Кудайбердиев, убактылуу иштебейт.

Бөлүшүү:
Next Post

Авокадо жегендин кандай пайдасы бар?

Бул ден-соолукка пайдалуу майлардын, минералдардын (калий) жана витаминдердин (фолий кислотасы) курамына байланыштуу абдан пайдалуу жемиш. Авокадо да абдан бай: майлар (алардын 70% каныкпаган, башкача айтканда, жаман холестеролдун деңгээлин төмөндөтүүчү) Эртең мененки тамакка авокадо кандай пайдасы бар? Анын курамында көптөгөн витаминдер (В витаминдери, С, РР, Д жана Е витаминдери), микроэлементтер (калий, […]

Сизге жагышы мүмкүн