Ноокатта селден 5 адам каза болду, өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Автор

Селден улам Ноокат районунун аймагына өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн аймакта катуу сел жүрүп, 6 адамды агызып кеткен. Учурда бешөөнүн сөөгү табылып, дагы бирин издөө иштери жүрүүдө.
Мындан тышкары, 2 көпүрөнү, 10 электр мамысын агызып, 30дан ашык турак үйгө жана короо-сарайларга жана 1 бала бакчага кирген.
Жеринде президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары, ӨКМдин Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары иш алып барууда. Ал эми издөө иштеринде ӨКМдин жүздөгөн куткаруучулары тартылды.
Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин тапшырмасы менен министрдин орун басары Эделбек Кулматов баштаган 100 куткаруучу жөнөп кетти.

Бөлүшүү:
Next Post

Евро-2024: Бүгүн 1/8 финалынын оюндары башталат

Европа чемпионатынын тайпалык этабы аяктады. 2024-жылкы Европа чемпиондугунун тайпалык этабынын жыйынтыгы менен турнирдин 1/8 финалында ойной турган бардык жуптар аныкталды. Плей-офф оюндары бүгүн, 29-июнда башталат. Бул этаптын беттештери шейшемби, 2-июлда аяктайт. Чейрек финалдык оюндар 5-6-июлда, жарым финалдык оюндар 9-10-июлда болот. Евро финал 14-июлга белгиленген. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн