Ноокатта айрым милициялар камакка алынышты

Автор

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы Ноокат районунун ички иштер бөлүмүнүн беш кызматкери жана Көк-Жар айылдык милиция бөлүмүнүн нөөмөтчүсүнүн жардамчысы кармалганын билдирди. Алар Көк-Жар аймактык милиция бөлүмүнүн башчысы Тимур Абдисатар уулунун иш бөлмөсүндө тартылган видеого байланыштуу кылтакка илинишкен. Видеодо Тимур Абдисатар уулуна милициянын формасын кийген адамдар акча берип жатканын көрүүгө болот.
Ноокат районунун айрым милиция кызматкерлери өткөн жумаларда кайрылуу жолдошуп, райондук милициянын жетекчиси Талгат Өскөналиев боюнча өлкө жетекчилерине даттанышкан эле.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстандын пара дзюдо курамасы Астанада өткөн мелдеште 3 медаль жеңди

Кыргызстандын пара дзюдо боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Казакстандын Астана шаарында өткөн “Дүйнө Гран-При” эл аралык мелдешинде 3 медаль жеңди.Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Маалыматка ылайык, анын ичинен бирөө алтын, экөө коло медаль. (1 алтын, 2 коло) жеңишти. Кыз-келиндер арасында 46 кг Фердауза Убакирова өз салмагында Эл […]

Сизге жагышы мүмкүн