Ноокаттагы «Улуу-Тоо» кенине караштуу 381 гектар жер мамлекетке кайтарылды

Автор

Ноокаттын Көк-Жар айылында жайгашкан «Улуу-Тоо» кенине караштуу 381,74 га жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, текшерүүдө Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын 1998-жылдагы токтомунун негизинде, Найман айылдык аймагында (учурда Көк-Жар) жайгашкан «Улуу-Тоо» кенине караштуу жер пайдалуу кен-байлыктары (сымап) менен бирге Р.У.Т. аттуу компанияга өткөрүлүп берилгендиги аныкталган.
Прокуратура тарабынан пайдалуу кен-байлыктарды камтыган жер тилкеси 1 миллиард 246 миллион 560 миң сомго бааланып, мамлекеттин балансына кайтарылды.

Бөлүшүү:
Next Post

Токтогулда суунун деңгээли көтөрүлө баштады

Бүгүн, 30-сентябрга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 13 млрд 26 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ААКнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 394 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 205 куб метрди түзүүдө. Белгилей кетсек, былтыр бул күнү суунун көлөмү 11,7 млрд […]

Сизге жагышы мүмкүн