Ноокаттагы селдин себеби айтылды

Автор

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Ноокаттагы селдин себебин, нөшөрлөп жааган жамгырдан улам деп атады.
28-июндагы катуу жааган жаанга байланыштуу сел жүрүп, натыйжада, тогуз киши бул жашоо менен кош айтышкан. ӨКМ билдиргендей, көз жумгандар бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү. Ал эми белгилүү журналист Ыдырыс Исаков Абшыр-Ата дарыясына жасалма көпүрөлөрдүн курулушу селге себеп болгон десе, ӨКМ дарыяны бойлой бак-дарактардын иретсиз отургузулушу, эс алуу жайларынын башаламан курулушун атады.

Бөлүшүү:
Next Post

Президент ак халатчандардын айлыгын көтөрдү

Садыр Жапаровдун медицина кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулаткан Жарлыкка кол койгону белгилүү болду. Эми, 1-сентябрдан баштап, дарыгерлердин айлыгы 50 пайызга, орто медициналык кызматкерлердин айлыгы 20 пайызга, кенже тейлөөчү жана тез жардам кызматынын айдоочуларынын айлыгы 10 пайызга көтөрүлөт. Мурда алыскы аймактарда иштеген жалпы хирургдар 20 миң 136 сом айлык алса, айлыгы көтөрүлгөндөн […]

Сизге жагышы мүмкүн