Ноокаттагы селден жарандар эвакуацияланууда

Автор

Ноокаттагы катуу жүргөн селден улам Абшыр-Атада эс алып жүргөн 500гө жакын адам калып калган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, куткаруучулар аларды эвакуациялоо, издөө жана куткаруу иштерин улантышууда. Суунун аркы бетинде болжол менен 1300 адам суудан өтө алышпай калгыны аныкталган.
Мындан сырткары, Кезарт жайлоосунда 150гө жакын жаран калып калгандыгы тууралуу болжолдуу маалымат түшкөн. Жерине айыл аймактан 10 киши атчан жөнөтүлүп, жолдон 30 адамды табышкан. Андан ары тактоо иштери улантылууда.
Кезарт жайлоосуна КР ӨКМден кошумча 8 куткаруучу жөнөп кетти. Кошумча маалымат берилет.

Бөлүшүү:
Next Post

Алиев Азербайжан парламентин таркатып, мөөнөтүнөн мурда шайлоо белгиледи

Азербайжандын президенти Ильхам Алиев Милли Межлистин (Азербайжан парламенти) таркатылышы жөнүндө жарлыкка кол койду. Мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо 1-сентябрга белгиленди. Өткөн жумада, 21-июнда, башкаруучу партия «Ени Азербайжан» депутаттары президентке мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү өтүнүчү менен кайрылышкан. Буга чейин Азербайжан парламентине шайлоо 2024-жылдын ноябрында өтмөк. Бирок 11-22-ноябрь күндөрү Бакуда БУУнун климаттын өзгөрүүсү […]

Сизге жагышы мүмкүн