Новак Жокович жылдын мыкты спортчусу деп табылды

Автор

Мадрид шаарында Сибелес сарайында спорттук Оскар деп да аталган “Laureus” сыйлыгын тапшыруу аземи өттү.
Чоң шлемдин 24 жолку чемпиону, дүйнөнүн биринчи номери, сербиялык теннисчи Новак Жокович Laureus World Sports Awards версиясы боюнча 2023-жылдын спортчусу аталды. Жокович карьерасында бул сыйлыкка бешинчи жолу татыды. Ал буга чейин аны 2012, 2015, 2016 жана 2019-жылдары алган.
“Жылдын мыкты спортсмени” наамы үчүн Джокович менен төмөндөгүлөр күч сынашкан:
Red Bull айдоочусу Макс Верстаппен (дүйнөнүн үч жолку чемпиону);
Манчестер Ситинин чабуулчусу Эрлинг Холанд;
Таяк менен секирүү боюнча дүйнөлүк рекордсмен Арман Дюплантис;
“Интер Майами” клубунун чабуулчусу Лионель Месси;
Жеңил атлетчи Ноа Лайлс.
Эске сала кетсек, Лауреустун версиясы боюнча былтыр Месси жылдын спортчусу, ал эми мурдагы жыла Верстаппен табылган.
Жобого ылайык, Laureus номинациялары үчүн кыска тизмелер 70тен ашык өлкөдөн 1000ден ашык спорт медиасынын добуш берүүсү аркылуу түзүлөт. Андан кийин, Laureus World Sports Academy бул кыска тизмелердин жеңүүчүлөрүн тандайт.

Бөлүшүү:
Next Post

Жусупбек Коргонбай уулу депутаттык мандатынан ажырады

Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн өзү жазган арыздын негизинде депутат Жусупбек Коргонбай уулунун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. Бул тууралуу Боршайкомдон билдиришти. Эл өкүлүнүн мандатын тапшыруу боюнча арызын 23-апрелде Боршайкомдун мүчөлөрү бир добуштан колдоп, анын депутаттын күбөлүгү жараксыз деп табылды. Жусупбек Коргонбай уулу Ноокат шайлоо округунан шайланып келген болчу. Эми президенттин […]

Сизге жагышы мүмкүн