Нобель Тынчтык сыйлыгы атомдук жардыруулардын курмандыктарын бириктирген уюмга берилди

Автор

Ослодо Нобель тынчтык сыйлыгынын лауреаттары жарыяланды. 2024-жылы бул сыйлык Хиросима менен Нагасакиге атомдук бомбалоолордун курмандыктары бириккен япон уюму Nihon Hidankyoго ыйгарылды. Сыйлык «өзөктүк куралсыз тынчтыкты орнотуу аракеттери үчүн» ыйгарылды. Нобель комитети белгилегендей, уюм «көзү тирүү күбөлөрдүн айткандары аркылуу өзөктүк курал эч качан колдонулбашы керек экенин көрсөтүп турат».
«Бул тарыхый күбөлөр дүйнө жүзүндөгү өзөктүк куралга каршы кеңири оппозицияны түзүүгө жана чыңдоого жардам беришти. Алар өздөрүнүн жеке окуяларына таянып, билим берүү кампанияларын өткөрүшүп, өзөктүк куралдын таралышы жана колдонулушуна каршы катуу эскертүүлөр менен чыгышты. Бул адамдар бизге сүрөттөп берүү мүмкүн эмес нерселерди сүрөттөөгө, ойго келбеген нерселерди түшүнүүгө жана өзөктүк куралдын алып келген ооздукталгыс оору менен азапты аңдоого жардам беришет»,-деп айтылат сыйлыктын сайтында.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүн Баткен облусунун 25 жылдыгына карата бир катар иш-чаралар башталат. Программа

Баткен облусунун түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына карата бир катар иш-чаралар өтөт. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Бүгүн, 12-октябрда саат 09:30да Кара-Кыргыз Автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100, Баткен облусунун жана Баткен шаарынын түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына карата Апаз Жайнаков атындагы Баткен облустук музыкалык драма театрынын алдында ишкерлердин жана бизнес өнөктөштөрдүн көргөзмө-жарманкеси башталат. Саат […]

Сизге жагышы мүмкүн