Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху өлкөнүн Коргоо министри Йоав Галантты кызматтан алды.
Премьер-министр коргоо министри менен олуттуу пикир келишпестиктер болгонун билдирди.
«Согуштун жүрүшүндө премьер-министр менен коргоо министринин ортосунда толук ишеним болушу керек. Алгачкы айларда ишеним бар болуп, жемиштүү иш жүргөнү менен акыркы айларда бул ишеним экөөбүздүн ортобузда бузулуп калды»,-деди Нетаньяху.
Галанттын ордуна премьер-министр Израилдин Тышкы иштер министри Исраэль Кацты дайындоону чечти.
Йоав Галант кызматтан бошотулган себебин «Хамас» кыймылынын кол салуусун иликтөө боюнча мамлекеттик комиссия түзүү маселелери, Газа секторунан барымтадагыларды бошотуу боюнча талаштар, аскердик кызматка чакыруу темалары боюнча пикир келишпестиктер менен түшүндүрдү.
Галант коргоо министри кызматын 2022-жылдын декабрынан бери аркалап келген.