Эл аралык кылмыш соту ушул аптада Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуну камакка алууга ордер чыгарышы мүмкүн экенин The New York Times басылмасы жазды. Нетаньяхудан тышкары Газа тилкесиндеги согуштук аракеттерге байланыштуу өлкөнүн коргоо министри Йоав Галант жана жогорку даражалуу аскер кызматкерлерине да ордер берилиши мүмкүн.
Израиль Эл аралык кылмыш сотунун юрисдикциясын тааныбайт. Нетаньяху мындай ниеттер Израилдин өзүн-өзү коргоо укугун бузууга багытталган деп эсептейт
Басылманын маалыматына караганда, Израил дипломатиялык каналдар аркылуу ордер берүүнүн алдын алуу аракетин көрүүдө.