Нетаньяху ирандыктарга кайрылды

Автор

Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяху Ирандын жарандарына кайрылып, анын өлкөсү алар менен тынчтыкта болууну каалай турганын билдирди.
Израилдин премьер-министринин фарси субтитрлери менен үч мүнөттүк видеокайрылуусу социалдык тармактарга жарыяланды.
“Мен тактык киргизүүнү каалайм. Израиль тынчтыкты каалайт. Биз биз менен чындап тынчтыкта болууну каалаган адамдардын бардыгы менен тынчтыкты каалайбыз. Мен сиздер, Иран эли, бул жөнүндө жакшы билериңиздерге шек санабайм. Сиздер менен тынчтыкта болууну каалаганыбыз сыяктуу эле, сиздер да биз менен тынчтыкта болууну каалайт деп билем”,-деп айтылат билдирүүдө.
Быйыл Иран тарыхта биринчи жолу Израилди эки ирет ракеталар менен аткылады. Биринчи жолу 14-апрелде Израилдин Дамаскта жайгашкан ирандык башкы консулдукка жасаган соккусуна жооп иретинде.
Экинчи жолу Иран 1-октябрда Израилди массалык ракеталык аткылоого дуушар кылып, аны өзүн коргоо аракети деп атаган. Иран бул чабуулун “Хезболланын” башкы катчысы Хасан Насрулланын жана Тегеранга сапары учурунда каза болгон ХАМАСтын саясий бюросунун башчысы Исмаил Ханиянын өлүмүнө жооп деп атаган. Бул өлүмдөр үчүн Тегеран Израилди күнөөлөгөн.

Бөлүшүү:
Next Post

Кара-Сууда 890 млн сомдон ашык турган жер мамлекетке кайтарылды

Ош облусунун Кара-Суу райондук прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын аткарылышына карата текшерүү жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында “Тураталы” мамлекеттик ишканасына тиешелүү болгон жалпы 4,93 гектар жер тилкесинин мыйзамсыз түрдө жеке жактарга сатылып кеткендиги аныкталган. Бул тууралуу КР Башкы прокуратурасы билдирди. Прокуратура мыйзам бузууларды четтетүү жана мамлекеттик кызыкчылыктарды коргоо максатында сот органдарына доо арыздарды келтирип, […]

Сизге жагышы мүмкүн