Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху АКШ президенти Жо Байден менен телефон аркылуу сүйлөшүү учурунда Ирандын өзөктүк же мунай объектилерин эмес, аскердик объектилерин соккуга алууга даяр экенин билдирди. Бул тууралуу The Washington Post жазды.
Биньямин Нетаньяху сүйлөшүү учурунда жооп катары чабуул АКШда ноябрда өтө турган президенттик шайлоого таасир этпеши үчүн кылдаттык менен пландаштырылат деп ишендирген.
1-октябрда Иран Израиль аймагына 180ге жакын ракета учурган.