Германияда Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнөн келген миграциядан улам мектептерде мусулман окуучулардын саны кескин көбөйүп жаткан чакта, Ислам динин кабыл алууну каалаган балдардын саны өсүүдө. Бул тууралуу Bild гезити Германиянын мамлекеттик коопсуздук кызматындагы булакка шилтеме берүү менен билдирди.
Маалыматта немис балдарынын ата-энелери балдары мусулман болууну каалашкандыктан кеңеш берүү борборлоруна көбүрөөк кайрыла баштаганын белгилеген.
Германиянын бир катар ири шаарларында христиандык үй-бүлөлөрдүн балдары класстарда азчылык болуп калышканы айтылат. Берлин, Франкфурт жана Эссендеги кээ бир мектептерде мусулман окуучулардын саны 80 пайыздан ашты.