Француздардын “Пари Сен-Жермен” клубунун жылдызы бразилиялык футболчу Неймар быйылкы трансфер терезесинде француз командасынан кетүүгө ниеттенүүдө.
L’Équipe билдиргендей, чабуулчу ушул жазда үйүнүн жанында ПСЖнын күйөрмандарынын нааразычылыгынан кийин кысымды сезип жатат. Басылма бразилиялык футболчу клуб оюнчуларды коргоо үчүн жетиштүү чараларды көрбөй жатат деп эсептейт жана буга чейин башка командага өтүү каалоосу тууралуу жетекчиликке билдиргендигин жар салды.
Клуб артыкчылыктарынын арасында “Барселона” өзгөчөлөнүп турат, ал ПСЖга рекорддук 222 миллион еврого өткөн.
Британ маалымат каражаттары да отко май тамызууда. Буга чейин “Челси” париждик оюнчулардын бирине кызыгып жатканы айтылган. Ошентип, Неймар Англияда дагы калышы мүмкүн.
Белгилей кетсек, Неймар париждиктердин лагеринде бардык мелдештерде 173 оюнга катышып, 118 гол киргизип, 77 пас берген. Ошондой эле Бразилиянын курамында 124 беттеш өткөрүп, 77 гол киргизген.