Сауд Аравиялык “Аль-Хилал” футбол клубунун жылдыз футболчусу Неймар профессионалдык карьерасындагы эң мыкты баскычы тууралуу айтып берди. Бул тууралуу “Чемпионат” басылмасы жазып чыкты.
Неймар «Менин эң жакшы спорттук жылдарым ПСЖда өттү. Бирок өкүнүчтүү болду, анткени мен көбүнчө үч-төрт айга созулган өтө оор жаракаттарды алдым. Бул мени чындап эле тынчсыздандырды. Бирок футболдук көз караштан алганда, ПСЖда менин карьерамдагы эң мыкты учуру болгон. Мен франсуздарга футболумду сунуштай алганыма кубанычтамын», – деген
Эске салсак, Неймар 2023-жылдын августунда “Аль-Хилал” футболчусу болгон. Анын саудиялык клуб менен келишими 2025-жылдын июнуна чейин түзүлгөн. Transfermarkt порталынын маалыматы боюнча, форварддын трансфер баасы 30 миллион еврого бааланган, буга чейин футболчу «ПСЖ», «Барселона» жана бразилиялык «Сантос» клубдарында ойногон.