Неймар кайрадан футбол талаасына кайтты

Автор

Бразилиялык чабуулчу Неймар Сауд Аравиянын “Аль-Хилал” командасынын кезектеги беттешинде оюн талаасына кайтып келет. Атактуу футболчу бир жылдан бери ойной элек.
Бүгүн, 21-октябрда Сауд Арабиянын клубу Азия чемпиондор лигасынын алкагында БАЭнин “Аль-Айн” командасы менен конокто ойнойт. Неймар бул оюнга “Аль-Хилалдын” курамына кирген.
“Кимдир бирөө кайтып келди. Мен даярмын. Сиздин толкунданып жатканыңызды билем. Мен да ошондой. Мен 21-октябрда келем”, – деп билдирген бразилиялык футболчу курамага кайтып келгенин жарыялаган видеодо.
Белгилеей кетсек, Неймар акыркы жолу талаага 2023-жылдын 18-октябрында чыккан. Чабуулчу 2026-жылдагы дүйнөлүк чемпионаттын тандоо турунда Бразилиянын улуттук курамасы менен Уругвайга каршы беттеште тизесинин кайчылаш байламталарын үзүлүп, ошондон бери дарыланып жаткан.
Неймар “Аль-Хилалга” 2023-жылдын августунда кошулган, бирок жаракат алганга чейин саудиялык клуб үчүн беш гана беттеш өткөргөн.

Бөлүшүү:
Next Post

22-октябрга карата аба ырайы

Кыргызгидромет билдиргендей, 22-октябрга караган түнү жаан-чачын болбойт. Күндүз Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу унаа жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +13…+18, Талас облусунда түнкүсүн +3… +8, күндүз […]

Сизге жагышы мүмкүн