Неймар “Барселонага” кайтып келиши мүмкүн

Автор

“Аль-Хилалдын” бразилиялык чабуулчусу Неймар келерки жайда Барселонага кайтып келиши мүмкүн.Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жар салды.
Маалыматка ылайык, бразилиялык каталониялык трансфердин кыска тизмесинде экинчи орунда турат.
Мурда ЖМКлар “Барселонанын” негизги бутасы “Манчестер Ситинин” оюнчусу Эрлинг Холанд экендигин жазышкан. Эгерде алар норвегиялыкты ала алышпаса, Неймар менен чабуул линиясын күчөткүсү келет.
Кошумчалай кетсек, келерки жайда 32 жаштагы бразилиялык эркин агентке айланат. Барселона жогорку класстагы вингерди бекер трансфер менен сатып алууга кызыкдар.
Эскее салсак, Неймар 2026-жылы өтө турган дүйнөлүк чемпионатка Бразилиянын курама командасына кирүүнү абдан каалап жатканы белгиленген. Барселонага өтүү аны дүйнөлүк чемпионатка улуттук курамага чакыруу үчүн жакшы формага келтириши мүмкүн.

Бөлүшүү:
Next Post

КМШ мамлекет башчыларынын жыйынынын күн тартиби белгилүү болду

КМШнын мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйыны 8-октябрда Москвада өтөт. Жыйында мамлекет башчылары КМШнын алкагында өз ара аракеттенүү тууралуу пикир алмашышат. Ошондой эле 2025-жылы КМШда төрагалык кылуу боюнча чечим кабыл алышат. Саммитте КМШ өлкөлөрүнүн элдерине жана дүйнөлүк коомчулукка Улуу Ата Мекендик согуштагы 1941-1945-жылдардагы совет элинин Жеңишинин 80 жылдыгына карата кайрылуу кабыл […]

Сизге жагышы мүмкүн