“Кристал Пэлас” академиясынын машыктыруучусу Льюис Браун бразилиялык футболчу Неймар менен “ПСЖ” клубунун ортосундагы укмуштуудай келишим ачыктады. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазууда.
“Мен уккан эң укмуштуудай келишим беренеси Неймардын келишиминде болгон. Мен машыктыруучу курста болчумун, ПСЖнын өкүлү менен сүйлөштүм. Ал мага Неймардын келишиминде мындай берене бар экенин айтты. Матчтан кийин күйөрман секторуна барып, кол чаап турса, 200 миң евро алат», – деди адис.
Эске салсак, Неймар ПСЖда 6 жыл болуп, 173 беттеш өткөрүп, 118 гол киргизип, 77 ассист берген. Бразилиялык футболчу учурда “Аль-Хилал” клубунда ойнойт.