Швецияда чоң апалар жана чоң аталар неберелерин карагандыгы үчүн мамлекеттен акчалай жөлөкпул алышат. Тийиштүү мыйзам ушул жылдын жай айларында күчүнө кирди.
Швециянын Социалдык камсыздандыруу агенттигинин өкүлүнүн айтымында, жаңы мыйзам ата-энелердин иши менен жеке жашоосунун ортосундагы тең салмактуулукту жакшыртууга жана гендердик теңчиликти алдыга жылдырууга багытталган. Мыйзамды сунуштаган министр Швециянын бул демилгеси бүткүл Европага үлгү болот деп үмүттөнөт.
Өлкөдө ата-энелер үчүн башка жеңилдиктер да бар. Эгерде бала 8 жашка чыга элек болсо, жумуш күнү кыскартылган режимде иштей алышат. Ал эми мамлекеттик кызматкерлер үчүн бул укук бала 12 жашка чыкканга чейин колдонулат.