Россиянын өкүлү БУУну уставын бузганга айыптады

Автор

Россиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя, Швейцарияда өткөн Украинадагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча саммитке БУУнун өкүлүнүн катышуусу уюмдун уставын бузарын билдирди. Сөз БУУнун Уставынын 100-беренеси жөнүндө болуп жатат.
«БУУнун өкүлдөрүнүн бул жыйынга байкоочу катары катышуусун, кыжырдануу менен белгилеп жатабыз»,-деди Василий Небензя БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Украина боюнча жыйынында.
БУУнун Уставынын 100-беренеси эки пункттан турат. Биринчи пунктта башкы катчы жана БУУнун секретариатынын кызматкерлери өз милдеттерин аткарууда эч кандай өкмөттөн, уюмдан көрсөтмө сурабашы же кабыл албашы керектиги айтылат. Анда алар эл аралык кызмат адамдары катары абалына таасир этиши мүмкүн болгон ар кандай аракеттерден оолак болууга тийиш экени белгиленет. Экинчи пунктта ар бир БУУнун мүчөсү башкы катчынын жана секретариаттын кызматкерлеринин эл аралык милдеттеринин мүнөзүн сыйлоого жана аларга таасир этпөөгө милдеттенери айтылат.

Бөлүшүү:
Next Post

ӨКМ: Тоолуу аймактарда сел жүрүшү мүмкүн

Кыргызстандын тоолуу аймактарында сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүн, 19-июнда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу, республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн