НАТО өлкөлөрү Украинага 40 миллиард евро бөлөт

Автор

НАТОго мүчө-өлкөлөр 2025-жылы Украинага аскердик жардам катары 40 миллиард евро бөлүп беришет. Бул тууралуу Вашингтондо өтүп жаткан Түндүк Атлантикалык альянстын саммитинин декларациясында айтылат.
Документте Украина толук евроатлантикалык интеграция жолунда экендиги, анын ичинде НАТОго мүчө болуу жолунда экени тастыкталган. Альянстын катышуучулары Киевге кошулуу чакыруусун жөнөтүшөөрүн, бул бардык союздаштар макул болуп жана бардык шарттар аткарылганда ишке ашаарын белгилешти. Мындан тышкары, Украинага коопсуздук жаатындагы жардам жана окутуу кызматын түзүү чечими кабыл алынды.
НАТО саммити (32 өлкө кирет) Вашингтондо 9-июлдан 11-июлга чейин өтүүдө.

Бөлүшүү:
Next Post

Кантип туура кесип тандоо керек?

Сизге жаккан, туура иштин түрүн тандоо маанилүү. Адам сүйгөн иши менен алектенип, күн сайын өзүн жакшыртып, жаңы нерсени үйрөнүп, чеберчилигин жогорулайт. Жыл өткөн сайын тажрыйба өсөт, демек, эмгек акы да жогулайт. Келгиле, адистикти тандоодо эмнени эске алуу маанилүү экенин карап көрөлү. Талантыңызды жана жөндөмүңүздү баалаңыз. Көбүрөөк эмне кыла аларыңды ойлон. […]

Сизге жагышы мүмкүн