НАТО: Украинанын альянска кириши Россия менен согушка алып келет

Автор

НАТОнун аскерий комитетинин башчысы Роб Бауэр The Washington Post гезитине берген маегинде Украина азырынча альянска мүчө боло албай турганын, анткени бул аскерий-саясий блок менен Россиянын ортосунда түз согушка алып келиши мүмкүн экенин билдирди. Ал Украина мамлекети жаңжал абалында экенин эске салды.
Адмиралдын айтымында, эми Киев Түндүк Атлантика альянсына кире албайт, бирок бул келечекте жокко чыгарылган эмес.
Киев 2022-жылдын күзүндө аскердик-саясий блокко кошулуу арызын берген.

Бөлүшүү:
Next Post

Бажы кызматынын башчысы «Манас» ордени менен сыйланды

Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков III даражадагы «Манас» ордени менен сыйланды. Бул тууралуу Бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 7-июнда Т.Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик филармониясында Финансы министрлигинин 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Иш-чарага президент Садыр Жапаров, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Жогорку […]

Сизге жагышы мүмкүн