НАТОнун баш катчысы Марк Рютте Түштүк Кореянын абалына көз салып жатышканын билдирди. Ал Түштүк Корея альянстын маанилүү өнөктөшү экенин белгиледи.
“Түштүк Корея биздин маанилүү өнөктөшүбүз. Биз бул абалга тыкыр көз салып жатабыз. Бирок азырынча бул ички кырдаал боюнча комментарий бербей турам”,-деди ал Брюсселдеги Түндүк Атлантика альянсына мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин жыйынынын алдында.
Шар Дек 4 , 2024
Кемин районунда Жалгыз-Тал жайлоосуна кеткен бойдон дайынсыз жоголгон Тар-Суу айылынын тургунун издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 43 жаштагы Ш.М. 29-ноябрда досуна жолугуу үчүн жайлоого кеткен бойдон кайтып келген эмес. Анын минип жүргөн аты келген. Бүгүн, 4-декабрда издөө иштерине ӨКМден 4 куткаруучу, 50 милиция кызматкери […]