НАТОнун өлкөлөрү Балтика аймагындагы альянстын инфраструктурасын коргоону күчөтүүгө багытталган жаңы «Балтикалык күзөтчү» (Baltic Sentry) миссиясын ишке киргизүүдө. Бул операциянын башталганын НАТОнун баш катчысы Марк Рютте Хельсинкиде Балтика деңизиндеги союздаштардын саммитинде жарыялады.
Миссиянын алкагында фрегаттар жана деңиз патрулдук учактары тартылат. Баш катчынын айтымында, кичинекей флоттук аскердик учкучсуз аппараттар да ишке киргизилет.
Мыйзамдарды так сактоонун маанилүүлүгүн баса белгилеген Рютте «Кеменин капитандары биздин инфраструктурага коркунуч жаратуучу аракеттердин кесепеттери болорун түшүнүшү керек. Аларда кемени кармоо, конфискациялоо жана камакка алуу мүмкүнчүлүктөрү бар», – деп кошумчалады НАТОнун баш катчысы.
НАТО өлкөлөрү суу астындагы маанилүү инфраструктурага өсүп жаткан коркунучтарды талкуулоо үчүн Хельсинкиде чогулушту.
ММКлардын маалыматына ылайык, бул окуяларга Россиянын мунай ташыган көмүскө флотунун кемелери тиешеси бар экени болжолдонууда.