НАТО Россиянын Түндүк Кореянын өзөктүк программаларын колдоосунан кооптонууда

Автор

НАТО Россиянын президенти Владимир Путиндин Пхеньянга болгон визитинен кийин Россия Корея Элдик Демократиялык Республикасынын (КНДР) өзөктүк жана ракеталык программаларын өнүктүрүүгө жардам бериши мүмкүн деп кооптонууда. Алянстын башчысы Йенс Столтенберг “Алар өз ара коргонуу жөнүндө келишимге кол койгону бири-бирин колдоп жатканын көрсөтөт”,-деди ал Россиянын президентинин КНДРга болгон визити тууралуу айтып жатып. НАТОнун башчысы ошондой эле Кытайды Россия менен мамилелерин өнүктүргөнү үчүн сынга алып, Пекинди Россияны колдогону үчүн санкциялар менен коркутту.
Россиянын президенти Владимир Путин 18-19-июнь күндөрү Пхеньянга мамлекеттик визит менен барды. Путин менен Ким Чен Ындын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча Россия жана КНДР эки өлкөнүн делегацияларынын катышуусунда Комплекстүү стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө келишимге, саламаттык сактоо, медициналык билим берүү жана илим жаатында кызматташуу жөнүндө келишимге, ошондой эле эки өлкөнүн чек арасындагы дарыяга автожол көпүрөсүн куруу жөнүндө келишимге кол коюшту.

Бөлүшүү:
Next Post

Өрүктүн организмге пайдалары

Өрүктүн курамында А витамини менен бета-каротин иммундук системаны чыңдоого жардам берип, жугуштуу оорулардан оолак кылат. Ал эми С, В, В1, Е витаминдери жана магний, фосфор, йод, темир, калий сыяктуу минералдар жүрөк-кан тамыр менен нерв системаларынын иштешин жакшыртат. Ошондой эле өрүктүн ичиндеги тамак-аш буласынын көп болушу холестеринди нормалдаштырып, ичеги-карындын иштешине оң […]

Сизге жагышы мүмкүн