НАТО менен Евробиримдик Украинага аскерлерин жөнөтөбү?

Автор

Словакиянын премьер-министри Роберт Фицо НАТО жана Евробиримдиктин айрым өлкөлөрү Украинанын аймагына аскерлерин жөнөтүү мүмкүнчүлүгүн олуттуу карап жатканын айтты. Словакия өкмөт башчысынын айтымында, мындай чечим жаңжалдагы чыңалуунун олуттуу күчөшүнө алып келиши мүмкүн.
Фицонун айтымында, Батыш мамлекеттеринин тобу эки тараптуу келишимдердин алкагында Украинага өз аскерлерин жөнөтүү мүмкүнчүлүгүн карап жатат. Бул идея Европа менен АКШнын Украина жаңжалындагы ишке ашпай калган стратегиясынан улам пайда болду деп эсептейт.
Ошол эле маалда премьер-министр Словакия Киевди курал-жарак менен камсыз кылбай турганын жана өз аскерлерин согуш жүрүп жаткан аймакка жибербей турганын баса белгиледи.

Бөлүшүү:
Next Post

Александр Лукашенко Армениянын ЖККУдан чыгуусу боюнча үн катты

Армениянын премьер – министри Никол Пашинян Жамааттык коопсуздук келишиминен (ЖККУ) чыгуу боюнча пикирин билдиргендиги жана Казан шаарындагы жолугушууда бул маселе талкууланганы белгилүү болду. Бул боюнча Белорусиянын президенти Александр Лукашенко : “Биз муну жөпжөнөкөй окуя катары кабыл алдык. Президенттер Татарстандагы жолугушууда бул маселени талкуулаганбыз. Мындан эч ким акылынан айнып кетпейт. Биз […]

Сизге жагышы мүмкүн