НАТОнун Аскердик комитетинин башчысы адмирал Роб Бауэр альянстын былтыр жайында Вильнюста өткөн саммитте бекитилген коргонуу боюнча жаңы пландары биринчи кезекте Россия менен кагылышуу болгон учурда иштелип чыкканын билдирди.
Коргонуу пландарыбызда, стратегиябызда альянска эки негизги коркунуч – Россия жана террордук топтор деп эсептейбиз. Биз Россияны НАТОго коркунуч катары карайбыз. Биздин коргонуу пландары ушуга арналган»,-деди ал журналисттердин НАТО Россиядан кол салуу коркунучун реалдуу деп эсептейби деген суроосуна жооп берип жатып.