НАТО: Киевдин ийгиликсиздиги Батышка триллиондорго түшөт

Автор

НАТОнун баш катчысы Марк Рюттенин айтымында, украиналык жаңжалда Киевдин жеңилиши альянска жана Батышка азыркы “миллиарддар” эмес, “триллиондор” болуп кымбатка турат. Учурда блок мүчө мамлекеттерден коргонууну күчөтүү үчүн миллиарддар талап кылып жатат.
“Бул жөн гана европалык жаңжал эмес, геосаясий маселе. Эгерде Украина жеңилип калса, анда биз азыркы НАТОнун коргонууга сарптоону 2 пайыздан 3 пайызга көбөйтүү маселеси тууралуу эле эмес, триллиондор тууралуу сөз кылууга мажбур болобуз. Эгер Украина жеңилсе, анда НАТОнун коркунучтарды кайра алдын алуу аракеттери азыркыдан да кымбат түшөт”,-деди ал Давосто өткөн Дүйнөлүк экономикалык форумда.
Дүйнөлүк экономикалык форум (ВЭФ, World Economic Forum) – бул эл аралык мамлекеттик жана жеке сектордун кызматташуу уюму. Форумдун негиздөөчүсү – Женева университетинин профессору Клаус Шваб.

Бөлүшүү:
Next Post

Витаминдер жана туура тазалоо: Үй шартында тишти бекемдөөгө болот

Туура эмес кам көрүүдөн улам тиштер бошоп, түшүп калышы мүмкүн. Аларды тиш доктурга барбай эле бекемдесе болот. Тишти үй шартында кантип бекемдөө керектиги Healthline медициналык басылмаларына жарыяланды. Ага ылайык, тиштерди бекемдөө үчүн аларды күнүнө эки жолу 2-4 мүнөттөн фтор камтыган тиш пастасы менен тазалап туруу, тиш жиптерин жана ооз чайкоочу […]

You May Like