НАТО Кеңеши уюмдун 2024-жылга карата жарандык жана аскердик бюджеттерин тиешелүүлүгүнө жараша 18,2 пайыз жана 12 пайыз көбөйтөрүн жарыялады. Уюмдун сайтындагы маалыматка ылайык, аскердик бюджет 2,03 миллиард еврону, жарандык бюджет 438,1 миллион еврону түзөт.
НАТОнун баш катчысынын орун басары Мирча Геоананын айтымында, каржылоонун көбөйүшү уюмга коопсуздук маселелерин эффективдүү чечүүгө мүмкүндүк берет. НАТОнун жарандык бюджетинен каражаттары операциялык чыгымдарга, альянстын штаб-квартирасын программалык камсыздоого, персоналды колдоого бөлүнөт. Аскердик бюджет альянстын командалык түзүмүнүн штаб-квартирасына, эл аралык чыгымдарга багытталган.