НАТОнун 300 миң жоокери Польшага келүүгө даяр

Автор

НАТО тарабында 300 000 жоокер Польшага жайгаштыруу үчүн жогорку деңгээлде даяр экенин өлкөнүн Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысынын орун басары Кароль Дымановский билдирди.
«Буга чейин НАТОнун калканы болууга машыккан 40 миң жоокер болсо, азыр 300 миң жоокер жогорку даярдыкта»,-деди Дымановский.
Анын айтымында мындай перспективалар НАТОнун Вильнюстагы акыркы саммитинде бекитилген.
Альянстын Польшага аскердик колдоосу кургактагы күчтөр менен эле чектелбейт.
«Америкалыктар жана башка союздаштар бизди жерде гана эмес, абада, космосто, кибер мейкиндикте да колдошорун унутпашыбыз керек»,-деп белгиледи Дымановский.
12-мартта Bloomberg агенттиги АКШнын президенти Жо Байден Польшанын чек арасында америкалык контингентти көбөйтүүнүн кереги жок деп айтканын кабарлаган.

Бөлүшүү:
Next Post

Ала-Тоо аянты жаңыланып жасалат

Бишкектин Ала-Тоо аянтын толук оңдоп-түзөөдөн өткөрүү пландалууда. Бул тууралуу «Бишкекбашкыархитектура» МИ коллегиялык жыйынында борбор калаанын башкы архитектору — ишкананын башчысы Урмат Карыбаев билдирди. Анын айтымына караганда, борбордук аянтты маданий жана туристтик объектке айлантуу мерчемделүүдө. «Павильондордо атайын фирмалык жана эксклюзивдүү бутиктер жайгашат», — деди Карыбаев. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн