Түндүк Атлантикалык альянстын өлкөлөрүнүн лидерлери Вашингтондо июль айында өтүүчү саммитте Киевге уюмга мүчө болууну сунуштабайт. Бул тууралуу “Известия” гезити The New York Times басылмасына шилтеме берип жазды.
Маалыматка караганда украин бийликтери НАТОго кирүү үчүн расмий чакыруу алат деп күтүүдө. Бирок альянстын өкүлдөрү бул арналган иш-чараларда болбойт деген пикирде. «НАТО жамааттык коопсуздук келишимине ылайык, блокту 1945-жылдан берки Европадагы эң ири кургактагы согушка сүйрөй турган жаңы мүчөнү кабыл алууну каалабайт»,-деп жазат гезит.