НАТОнун жаңы башчысына көптөгөн көйгөйлөр калды

Автор

Кызматына киришип жаткан НАТОнун жаңы башчысы Марк Рюттеге коопсуздукка байланыштуу бир катар көйгөйлөр мураска калгандай. Бул тууралуу макала Euronews каналына жарыяланды.
Нидерланддын мурдагы премьер-министри Марк Рютте 2024-жылдын 1-октябрында расмий түрдө 32 өлкөнү бириктирген НАТО альянсынын жаңы башкы катчысы кызматын ээлейт. Ал он жыл бою альянсты башкарган норвегиялык Йенс Столтенбергдин ордуна келет.
Euronews каналына коргоо маселелери боюнча эксперттер айткандай, 57 жаштагы Рютте Украинадагы согуштун уланышына, Евросоюз менен альянстын татаал мамилелерине, ошондой эле Дональд Трамптын АКШ президенти болушу ыктымалдуулугу сыяктуу бир катар көрүнүштөргө туш болот.
Рютте кызматына АКШда президенттик шайлоого бир ай калганда киришет. Трамптын Ак үйгө кайтып келүү мүмкүндүгү НАТО үчүн кандай болору азырынча белгисиз. Бирок Рюттенин чечишине туура келген эң татаал мамилелер Вашингтон же Киев менен эмес, Евросоюз менен байланыштуу болушу мүмкүн.
Еврокомиссиянын төрагасы Урсула фон дер Ляйен жакында Литванын мурдагы премьер-министри Андрюс Кубилюсту коргоо боюнча комиссар кылып дайындаганы Йенс Столтенбергдин катуу реакциясын жаратты. “ЕБ альтернативалуу коргоо структурасын түзбөшү керек”,-деди Столтенберг.
Тарых факультетинин бүтүрүүчүсү Рютте 2010-жылдан бери Нидерландда төрт башка өкмөттү башкарган. 2024-жылдын июлунда анын төрт партиядан турган коалициясы миграция маселелери боюнча келише албай таркап кеткенден кийин отставкага кеткен.

Бөлүшүү:
Next Post

Криштиану Роналду футболдо эмне маанилүү экенин айтты

Сауд Аравиянын “Аль-Наср” клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду чоң футболдогу карьерасы тууралуу үн катты. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жар салды. Атактуу футболчу «Мен азыр футбол талаасына чыгууну жакшы көрөм. Футболдо жылдарым аз калгандыгын билем. Мен үчүн дүйнөнүн эң мыктысы болуу же трофейлерди утуп алуу анчалык деле маанилүү эмес. Мен […]

Сизге жагышы мүмкүн