НАТОнун баш катчысы Украинадагы жаңжалды өзгөртүүгө жөндөмдүү экенин билдирди

Автор

НАТОнун Киевге аскердик жардамды координациялоого багытталган жаңы командачылыгы Украинадагы согуштук аракеттерди өзгөртөт. Бул тууралуу НАТОнун башкы катчысы Марк Рютте түзүлүп жаткан штабына жасаган сапарында айтты.
«Жаңы командачылык Украинанын согуш талаасындагы абалын олуттуу өзгөртөт»,-деди.
Альянстын маалыматы боюнча, НАТОнун Украина коопсуздугун камсыз кылуу жана аскерлерин даярдоону колдоо боюнча командачылыгы Германиянын Висбаден шаарында жайгашат. Жаңы штабда жана анын жанындагы логистикалык түйүндөрдө 700 аскер кызматкерлери болот.
Буга чейин Рютте Россия тарабынан мүмкүн болгон коркунучтарга карабастан, НАТО Украинага колдоо көрсөтүүнү уланта берерин билдирген.

Бөлүшүү:
Next Post

“Кыргызстан - Түндүк Корея” футбол беттешине байланыштуу айрым көчөлөр жабылды

Бүгүн, 15-октябрда 2026-жылкы Дүйнө чемпионатынын тандоо оюндары алкагында Кыргызстан – Түндүк Корея беттеши өтөт. Буга байланыштуу саат 14:00дөн тартып, футбол аяктаганга чейин айрым көчөлөр жабылды. Бүгүн, саат 20:00дө Кыргызстандын курама командасы Түндүк Корея менен ойнойт. ИИМдин кайгуул күзөт кызматынын басма сөз кызматы билдиргендей, төмөнкү көчөлөр жабылды: Фрунзе көчөсү Тоголок Молдо […]

Сизге жагышы мүмкүн