НАТОнун баш катчысы Марк Рютте Украинага Россия менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн мүмкүн болушунча жылдырып турууну сунуштады.
Бул билдирүү Брюсселдеги НАТОнун штаб-квартирасында бир катар мамлекеттердин тышкы иштер министрлери менен болгон жолугушууда айтылган. НАТОнун башкы дипломаты Украинага батыш өнөктөштөрү согуш талаасында алдыга жылып, сүйлөшүүлөрдө күчтүүрөөк позицияны камсыздоо үчүн жетиштүү аскердик жардам көрсөтмөйүнчө, тынчтык сүйлөшүүлөрүн баштабоону сунуштады.
“Биз Украинанын тынчтык сүйлөшүүлөрү башталганда күчтүү позицияда болуусуна бардык шарттарды түзүп беришибиз керек. Менин айтарым, көбүрөөк аскердик жардам керек жана тынчтык процессинин форматы тууралуу талкууну азайтуу керек”,-деди Рютте.