НАСАнын станциясы Юпитерге жашоо издеп кетти

Автор

Дүйшөмбү күнү Флоридадагы Канаверал ракеталык аянтчасынан Europa Clipper деп аталган оор космос станция старт алды. Ал Юпитердин спутниги тарапка жашоо издөө максатында барат. Окумуштуулардын ою боюнча, Юпитердин спутнигинин муз каптаган бетинин астында жердеги океандардан эки эсе чоң океан бар. Ал жакта жашоо болушу мүмкүн.
Europa Clipper Юпитерге жол тартып, жолдо башка планеталардын тартылуу күчүн колдонуп, аны ашып өтүп, 2030-жылдан эрте эмес максатына жетери болжолдонууда. Бул окуя Күн системасындагы жашоо жөнүндөгү түшүнүктөрдү түп-тамырынан өзгөртүшү мүмкүн.
Космос түзүмү Флоридага жакындаган “Милтон” ураганы себептүү шашылыш түрдө коопсуз жайга жашырылган. Шамал басаңдап, учуруу аянтчасы дыкат текшерилгенден кийин, инженерлер 14-октябрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 12:06да учурууга уруксат беришти.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстан Ооган кыргыздарынан кабар алды

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Ооганстандагы кыргыздарга жана ошол аймактагы тургундарга медициналык, ветеринардык дары-дармектер жеткирилгенин кабарлады. Маалыматка ылайык, ал жакка дарыгерлер тобу барышкан Кыргызстандык кардиологдор, стоматологдор жана акушер-гинекологдор 755 жаранга медициналык жардам көрсөтүштү. Алардын 195 и аял, 180 и өспүрүмдөр. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн