Нарын районунда ири бетон заводу ишке киргизилет

Автор

Нарын районунда ири көлөмдөгү бетон заводу курулуп жатат. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, күн мурун президенттин Нарын облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Адыл Сапаров жеке ишкер тарабынан курулуп жаткан аталган заводдун курулуш иши менен таанышты.
Жеке ишкер Акмат Кудайбергеновдун айтымында, таш майдалап, саатына 180 тонна шагыл даярдоочу завод 20-сентябрда ишке кирээри күтүлүүдө. Ал эми саатына 70-80 куб бетон аралашмасын чыгара турган завод октябрь айынын аягында пайдаланууга берилип калат.
Бул завод толугу менен ишке кирсе Нарын шаарындагы бардык курулуш обьектилерин сырье менен камсыздай алат.

Бөлүшүү:
Next Post

Ошто бала бакчага кабыл алууда 15 миң сом талап кылган кызматкер кармалды

Ош шаарында бала бакчага кабыл алуу үчүн 15 миң сом талап кылган кызматкер кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти. ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгына арыз менен Ош шаарынын тургуну кайрылып, анда ал 2024-жылдын июль айында кызын Ош шаарындагы балдар бакчасына киргизүү үчүн барган учурда балдар бакчанын адиси 15 миң […]

Сизге жагышы мүмкүн