Нарын облусу боюнча 2023-жылдын 8 айына карата республикалык бюджеттин эсебинен 379.3 млн сом каржыланган. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, бюджеттер аралык трансферттер:
- теңдөөчү трансферт – 279.4 млн сом;
- ыйгарым укуктарды берүүгө – 23 млн сом;
- электрэнергиясына болгон 50% компенсацияга – 37 млн сом;
- жер салыгынын жоготууларынын ордун толтурууга – 5.7 млн сом;
- айыл өкмөттөрдүн башкы планына – 34.2 млн сом.