Нарын менен Ысык-Көлдө суу сактагычтар курулат

Автор

“Ысык-Көл жана Нарын облустарындагы сугат жерлерин иштетүүнү өнүктүрүү” долбоорун алкагында Тоң районунун Үч-Коргон, Кочкор районунун Шамшы жана Жумгал районунун Түгѳл-Сай аттуу аймагында үч суу сактагыч курулат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.
Ошондой эле, министрлик Тоң, Жети-Ѳгүз, Кочкор, Жумгал райондук суу чарба башкармалыктарына сугат системаларын тейлөө үчүн атайын техникалар тапшырылганын билдирди.
“Аталган техникалардын жалпы сумма 87,0 млн. сомду түздү”, – деп айтылат маалыматта.

Бөлүшүү:
Next Post

Ош шаарынын быйылкы бюджети дээрлик 3 млрд сомго жетет

Бүгүн, 27-февралда Ош шаарынын мэриясында 2024-жылдын бюджетинин долбоору боюнча коомдук угуу өттү. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, коомдук угууда Финансы министрлигинин Ош финансы башкармалыгынын башчысы К.Абдыкадыров Ош шаарынын 2024-жылга бюджетинин долбоору боюнча кенен маалымат берди. Андан кийин “Юз оф Ош” коомдук бирикмесинин жетекчиси А. Сатинбаева жарандык […]

Сизге жагышы мүмкүн