Нарында электробустар каттамга чыгат

Автор

Нарын шаарында 19-августтан тарта электробустар каттамга чыгат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 15-августта Нарын шаарында айдоочуларга унаалардын ачкычтары тапшырылды.
Белгиленгендей, электробустарды каттамга чыгаруу үчүн буга чейин тийиштүү аракеттер көрүлүп, токтотуучу жайы даярдалып, айдоочулар окутулган.
Эскерте кетсек, Нарын шаарына 66 млн сомго, 7 жылга насыяга 5 электробус сатып алынган. Электробустар 37 орундуу, 10,5 метр узундукта.

Бөлүшүү:
Next Post

Эртеңден тарта каттоодон өтпөгөн телефондор өчүрүлөт

Кыргызстанда контрафакттык телефондорду колдонуудан коргоо максатында мобилдик аппаратты идентификациялоонун мамлекеттик системасы ишке киргизилген. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мамлекеттик идентификациялоо системасы Кыргызстанга импорттолуучу SIM-карталарды иштетүүчү түзүлүштөрдүн стандарттарын көзөмөлдөө үчүн иштелип чыккан комплекстүү система, ошондой эле КРнын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык колдонулуучу түзмөктөрдү каттоо үчүн бардык жыйымдарды, бажы […]

Сизге жагышы мүмкүн