Нарында «Кыргыз шырдагы XIV» эл аралык фестивалы өтөт

Автор

Нарын шаарында «Кыргыз шырдагы XIV» Эл аралык фестивалы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 28-29-июнь күндөрү өтө турган фестивалга өлкөбүздөн 300дөн ашык кол өнөрчүлөр, дизайнерлер, маданият жана исскуство кызматкерлери, көркөм өнөр буюмдарын өндүрүү менен алектенген жеке ишкерлер чакырылган.
Фестивалдын максаты — улуттук колориттеги оюм-чийимдер түшүрүлгөн нукура кийизден жасалган кыргыздын улуттук буюмун сактоо жана жайылтуу, маданий мурастарды сактоо, салттуу билимдерди үзгүлтүксүз жандандыруу, кол өнөрчүлүктү жана маданий мурастарынын негизинде чыгармачыл индустрияны өнүктүрүү, кыргыз элинин баалуулуктарын, салт-санасын кийинки муундарга жайылтуу.
Жаш чеберлерди көркөм жана улуттук кол өнөрчүлүктүн салттарын сактоо, иликтөө жана өнүктүрүүсүнө кызыктыруу. Ошондой эле Кыргызстанды экологиялык таза, маданий туризмдин эл аралык аймагына айландыруу болуп саналат.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүнкү доллардын курсу

Бүгүн, 21-июнь саат 9:00гө карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 86 сом 70 тыйындан болсо, сатуу 87 сом 60 тыйынга чейин болууда. Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 86 сом 89 тыйын деп көрсөтүлгөн Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн