Кыргызстанда жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 24-майда түнкү саат 3:39да өлкө аймагында очогунда күчү 3 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган.
«Жер титирөө Нарын облусунун Жумгал районунун Миң-Куш айылында 2,5 баллга чейин сезилген»,-деп жазылат маалыматта.
Алдын ала маалыматка караганда жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.