Нарында жер титиреди

Автор

Нарын облусунда жер титиреди. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 2-августта саат 12:01де Нарын облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

«Ал эми Жумгал районунун Сары-Иймек жана Кара-Кече айылдарында жер титирөө 2,5 баллга чейин сезилген»,-деп айтылат маалыматта.

Такталган маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Бөлүшүү:
Next Post

3-августка карата аба ырайы

Эртең, 3-августта өлкөнүн тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарында 15-20 метрге чейин жетет.   Абанын температурасы:   Чүй облусунда түнкүсүн +19…+24, күндүз +33…+38,   Талас облусунда түнкүсүн +17…+22, күндүз +30…+35,   Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +21…+26, күндүз +34…+39, […]

Сизге жагышы мүмкүн