Нарында ата мекендик мотоциклдер чыга баштады

Автор

“Нарын мото” заводу алгачкы продукциясын — ата мекендик мотоциклдерди сата баштады. Бул тууралуу президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынан билдиришти.
“Нарын мото” заводу Ат-Башы районундагы Кара-Булак участкасында курулган Эл аралык соода-логистикалык борбордон орун алды. Заводдо кытай өнөктөштөрдүн колдоосу менен эки, үч, төрт дөңгөлөктүү мото техникалар куралып чыгууда.
Өндүрүштөн чыккан “Нарынмото” аталышындагы айыл чарба техникалары 400 килограммдан 2 тоннага чейин жүк көтөрө алат. Унаалардын электр кубаты, күйүүчү май менен жүрүүчү, үстү ачык, үстү жабык, жайы-кышы менен чарба иштерин жүргүзүүгө ыңгайлуу түрлөрү бар. Сатыкка чыккан баасы түрүнө жараша 90 миң сомдон 190 миң сомго чейин.
Ошондой эле каалоочулар “Мбанк”, “Компаньон” банктары аркылуу 3 айдан 3 жылга чейинки мөөнөттө бөлүп төлөө шарты менен сатып алышса болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Миллиардер ачык космоско чыгууга бел байлады

Америкалык миллиардер тарыхта алгачкы жолу ачык космоско даярданууда. “Polaris Dawn” деп аталган миссияны Shift4 төлөм кызматын негиздеген Жаред Айзекман каржылады. SpaceX компаниясы уюштурган Crew Dragon космос кемеси 10-сентябрда, Флоридадагы Кеннеди космодромунан ийгиликтүү старт алды. Миллиардерди үч экипаж мүчөсү АКШ аба күчтөрүнүн учкучу жана SpaceX компаниясынын эки аял астронавты коштоп кетти. […]

Сизге жагышы мүмкүн