Нарынга кар жаады

Автор

Нарын облусунда аба ырайы бузулуп, ашууларга кар жаап жатат. Бул тууралуу президенттин өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда Долон ашуусунда кум-шагыл себүү жумуштары жана 1 авто грейдер, 1 даана самосвал, 1 даана ХОВО кар тазалагыч менен тазалоо иштери жүрүүдө.

“Ошондой эле башка ашуулардагы абал жана Соң-Көл, Ак-Сай, Арпа сыяктуу алыскы жайлоолордогу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери жиберилип,малчылардын абалын тактоо иштери жүрүп жатат”, – деп айтылат маалыматта.

Бөлүшүү:
Next Post

Мугалимдерди кордогонго каршы мыйзам кабыл алынды

Түштүк Кореяда мугалимдерди ата-энелердин басымынан  коргоо боюнча мыйзам кабыл алынды. Сеулдагы 23 жаштагы башталгыч класстын мугалиминин өз жанын кыйганына байланыштуу бүт өлкө боюнча мугалимдер тогуз аптадан бери нааразылык акциясын өткөрүп жатышат. Митингчилердин негизги талаптары аларга көбүрөөк укук берүү жана аларды окуучулардан жана алардын ата-энелеринен коргоо. Мугалимдер ата-энелер 2014-жылы кабыл алынган […]

Сизге жагышы мүмкүн