Нандын баасы көзөмөлгө алынды

Автор

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Кыргызстанда нандын баасына 90 күндүк мамлекеттик көзөмөл киргизди.

Бааларды бекитүүдө нан чыгарган ишкерлердин да кызыкчылыгы корголгону айтылды.

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасынын орун басары Жээналы Орозбаев, «бизде азыр нандын эки түрүнө мамлекеттик жөнгө салуу киргизилди. Биринчи сорттогу ундан жасалган бөлкө нанга, жана тандыр нанга. Ал жерде негизинен сорту көрсөтүлгөн эмес. Ал эми дүңүнөн саткан боюнча бөлкө нан Бишкекте 52 сом 50 тыйынды түзүп жатат. Бул 1 килограммына болгон максималдуу баа. Анан граммына жараша баалар аныкталат. Ал эми ушул бөлкө нан калган бардык облуста бирдей коюлду. Ош шаарында 1 килограммы 56 сом 50 тыйынды түздү. Ошол эле мезгилде бөлкө нанга болгон чекене баа Бишкек шаарында 62 сом 50 тыйын болуп жатат. Ал эми калган аймактарда 1 кг бөлкө нандын баасы 65 сомдон коюлду. Тандыр нан эң кымбат учурда Ысык-Көл облусу менен Баткен облусу болуп жатат. Себеби, логистикасы, ташып жеткирүүсү бар, ошондой эле көбүнчө Казакстандын унунан жасашат”,-деди ал.

Бөлүшүү:
Next Post

Путин Жакынкы Чыгыштагы абал боюнча оюн билдирди

Россиянын президенти Владимир Путин Ирактын премьер-министри Мохаммед ас-Судани менен жолугушууда Израиль менен Хамастын ортосундагы согушту АКШнын саясатынын ийгиликсиздигинин ачык мисалы деп атады.  Анын пикиринде, АКШ Жакынкы Чыгыштагы саясатында Палестина элинин кызыкчылыгын этибарга алган жок. «АКШ эки тарапка тең кысым көрсөттү.  Бирок ар бир жолу Палестина элинин түпкү таламдарын эсепке алган […]

Сизге жагышы мүмкүн