Назым Нурланов Бүткүл дүйнөлүк оюндарда күмүш медаль утту

Автор

Кыргызстандын каратэ боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Назым Нурланов Эр-Рияд шаарында (Сауд Аравия) өтүп жаткан Бүткүл дүйнөлүк оюндарда күмүш медаль утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайыык, кыргызстандык спортчу 75 кг чейинки салмакта катышкан.

Белгилей кетсек, аталган мелдешке учурда Кыргызстандын каратэ, самбо, грепплинг жана жиу-житсу боюнча спортчулары катышып жатат.

Буга чейин самбо боюнча курама команда 3 коло медалга ээ болгон.

20-октябрь күнү башталган мелдештер 30-октябрь күнү жыйынтыкталат

Бөлүшүү:
Next Post

 Кыргыз-казак чек арасында 400дөн ашык жүк ташуучу унаа кезекте турат

Бүгүн, 23-октябрь саат 12:00го карата кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек-автожол”  көзөмөл өткөрүү жайында  Кыргызстандан чыгуу үчүн чек ара көзөмөлүнөн өтүүгө 410 жүк ташуучу унаа кезекте турат. Бул тууралуу УКМК Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы билдирет. Маалыматка ылайык, УКМК Чек ара кызматы өткөрүү жайларында жүк ташуучу транспорт каражаттарынын топтолуусу сезондук […]

Сизге жагышы мүмкүн