Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова өзү жөнүндө айтылган айрым айың кептерге комментарий берип, Кыргызстандын Алмата шаарындагы консулдук кызматына баратканын төгүндөдү. Ал деле эл катары ММКлардан укканын, мандатын тапшырууга негиз жок экенин айтты.
“Мени Раимбек Матраимовго байланыштырып жүрүшөт. Ал киши менен кыргыз чиновниктеринин жана саясатчыларынын 99 пайызы тааныш. Ал жөн бала эмес. Айрыкча, колунда жок, бейбечараларга жардам берип келген. Матраимовду тааныган бизге окшогон майда-чүйдө чабактар жооп бербей алгач, башынан баштап кетиш керек. Анткени, аны менен 99 пайыз байлар, чоңдор, саясатчылар жана чиновниктер чай ичишип, мамиле кылып жүрүшкөн. Мен анын жакшы иштерин айткамын. Жакшылыкты айтуу кылмыш эмес”,- деди депутат айым.
Эгер Матраимовду таануу кылмыш болсо, анда, эң ириде мурдагы президенттер, премьер-министрлер, министрлер жооп бериши керектигин белгиледи. “Биринчи, эң баштагылар жооп берсин. Андан кийин тааныш болгон адам катары бизге кезек келет”,- деп айтты.