Израилде демонстранттар ХАМАСтын барымтасында калган адамдардын тез арада кайтып келишин талап кылышууда. Ошондой эле премьер-министр Биньямин Нетаньяхунун алмаштырууну талап кылышты. Анткени ал барымтадагыларды бошотуу боюнча келишим түзүүгө тоскоол болууда.
ММКлар бир нече күндөн бери өлкө боюнча нааразылык акциялары уланып жатканын белгилешүүдө. Акыркы жөө жүрүштө демонстранттардын айрымдары Нетаньяхунун үйүнө барышкан жана аймакта тополоң жана полиция менен кагылышуулар башталган. Окуяда укук коргоо кызматкерлеринин бири колунан жарадар болгон.